super.kg logo
  Спорт  

Атактуу мушкер Александр Емельяненко спирт ичимдигине берилип, клиникага түштү

 

Орусиялык мушкер Александр Емельяненко алкоголдук көз карандылыктан дарылануу үчүн Екатеринбург шаарындагы клиникалардын бирине жаткырылды. Бул тууралуу мушкердин менеджери Никита Бурчак "Ушатайка" ютуб каналына берген маегинде айтты.

"Александрдын абалын баары көрүштү, эми машыгуу зыяндуу болору айдан ачык. Мындай абалда эч ким машыкпайт. Ошондуктан азыр негизги милдет Александрды ошол абалдан нормалдуу абалга алып чыгуу. Андан кийин гана акырындан машыгууну баштоо. Эгер баары жакшы болсо, Екатеринбургда да машыгабыз деп ойлойм. Москва Александрга жаман таасир этет", - деген Бурчак.

Ошондой эле Бурчак Емельяненконун бети-башы көгөрүп жүргөн сүрөтү боюнча дагы комментарий берди.

"Албетте, бул спаррингден болгон эмес. Ал түндө кулап түшкөнүн айтты, кайда экени эсинде жок", - деп кошумчалаган ал.

2020-жылы Ахмат Абсолюттук Чемпиондуктун башчысы Алексей Яценко Александр Емельяненко мекендеши Магомед Исмаиловго жеңилип калгандан кийин ичкиликке берилип кеткенин айткан.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: