ӨКМнын Ош шаардык башкармалыгынын жетекчиси пара берип жатканда кармалды
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын жетекчиси Аскер прокуратурасы тарабынан кармалды. Башкы прокуратурадан белгилешкендей, ал УКМКнын кызматкерлерине пара берип жатканда колго түшүрүлдү.
Маалым болгондой, 31-майда ӨКМнын Ош шаардык башкармалыгынын жетекчиси Ж.Ж. коопсуздук кызматкерлерине 20 миң сом берип жатканда кармалды. Ал мындай сумманы бийликтен аша чабуу фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү материалдары боюнча оң чечим кабыл алууга көмөк көрсөтүү үчүн сунуштаган.
Шектүү Ош гарнизонунун гауптвахтасына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө дешет прокуратурадан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-08-16

14:30
2025-08-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.