super.kg logo
  Саясат  

Тазабек Икрамов: "Өзгөчө кырдаалдар министри өз арызы менен жумуштан кете турган акыбалга жетти"

 

Депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин жыйынында селдин, анын кесепеттерин жоюу тууралуу маселелерди көтөрдү. Анда эл өкүлү өзгөчө кырдаалдар министринин ишмердүүлүгүн сындап, министр өз арызы менен эле жумуштан кете турган болуп калды дейт.

"Сузак районунда бир жыл мурда сел жүрүп, зыян тарткан тургундар ошондон бери контейнерде жашап жатат. Аларды үйлүү, жайлуу кылыш керек болчу. Ушул маселени качан чечесиздер, Алмазбек Абытов?

Ошондой эле Кара-Дарыя айылына дамба куруу маселеси көтөрүлгөн. Кечээ дагы сел жүрүп, эгин талааларын суу каптап, алып кетти. Дамбага бөлүнгөн акчаны өзгөчө кырдаалдар министри, анын орун басары эмне кылды? Жакында эле министрликтин унаасы 20дан ашык адамдын өмүрүнө зыян алып келди. Ушунча окуядан кийин министр өз арызы менен деле жумуштан кете турган акыбалга жетти", - дейт Икрамов.

Депутат Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Маматывго ушул маселе боюнча жооп берип коюусун суранды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: