super.kg logo

Ысык-Көлдө 15 миң сомго карызга косметикалык каражаттарды алып кеткен аял кармалды

 

Ысык-Көлдө сатуучудан карызга 15 миң сомго косметикалык каражаттарды алып кеткен аял кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-майда Ысык-Көл райондук милициясына 58 жаштагы Чолпон-Ата шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, белгисиз аялды алдамчылык фактысы боюнча жоопкерчиликке тартууну суранган. Арыз ээси "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаториясында косметиканы сатуу менен алектенет. 30-апрелде алардын соода түйүнүнө чала тааныш аял келип, өзүн эс алуучумун деп тааныштырып, ишенимге киргенден кийин, жалпы суммасы 15 миң сомду түзгөн косметикалык каражаттарды карызга алып, кайра кайрылбай качып кеткендигин билдирген.

Аталган факты Ысык-Көл РИИБинин КБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209 (алдамчылык) беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында милиция тарабынан Жети-Өгүз районунун 32 жаштагы К.А. аттуу тургуну аталган кылмышка шектүү катары кармалды. Кылмышка шектүү аялдын дагы 4 алдамчылык фактыларына тиешеси бар экени аныкталган.

Тергөө кызматы бул аялдын алдамчылык аракеттеринен жабыркаган жарандарды, 0709203087, 0999234034 телефон номурлары аркылуу байланышууну өтүнөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: