super.kg logo

Түркия өлкөнүн расмий аталышын өзгөрттү

 

Түркия мамлекети Бириккен улуттар уюмуна өлкөнүн жаңы расмий аталышы Türkiye деп өзгөртүлгөнүн маалымдады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, билдирүүнү аталган өлкөнүн тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу жолдогон.

"Президент Эрдогандын жетекчилиги астында жүргүзүлгөн процесс жыйынтыкталды. Өлкөнүн брендин таанытуу максатында эл аралык аренада Turkey деп таанылган өлкө аталышын Türkiye деп расмий өзгөрткөнүбүздү сыймыктануу менен жар салабыз", - деп жазган ал.

Маалыматта Анкара бийлиги бардык эл аралык документтерде өлкөнүн аталышы Türkiye деп көрсөтүлүшүн талап кылганы айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: