super.kg logo

Ошто журналисттин футболкасын айрып, көз айнегин сындырганга шектүү жаран кармалды

 
Шектүү сурак учурунда

Ошто журналисттин футболкасын айрып, көз айнегин сындырганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-май күнү 1983-жылы туулган К.Б. арыз менен кайрылып, Кара-Суу шаарындагы “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын жетекчисинен интервью алуу үчүн барганда, ишкананын алдында Улукбек аттуу жаран аны оозго алгыс жаман сөздөр менен тилдеп, колу менен оозго чаап, кийип жүргөн футболкасын айрып, көз айнегин сындыргандыгы тууралуу билдирген.

Аталган арыз маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү аракеттери башталган.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө, арыз ээси К.Б. аттуу жаран арызында көсөтүлгөн дооматтары боюнча аны менен урушкан Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл аймагынын Жылкелди айылынын жашоочусу, 1974-жылы туулган М.А. (Улук) экендиги такталып териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: