super.kg logo

"Ар дайым байланышта!". Медиа коомчулуктун өкүлдөрү MegaCom компаниясынын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышты (фото)

 

«Медиашерине» долбоорунун алкагында шейшемби, 31-май күнү MegaCom мамлекеттик улуттук байланыш операторунун башкы кеңсесинде компаниянын топ-менеджменти медиа-биримдиктин өкүлдөрү − мамлекеттик компаниялардын маалымат катчылары, өлкөбүздүн министрликтеринин, ведомстволорунун кызматкерлери жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттери менен жолугушуу өткөрдү.

Баса белгилей кетсек, «Медиашерине» долбоору – бул мамлекеттик органдардын жана ири мамлекеттик компаниялардын басма сөз кызматтарынын ортосунда тажрыйба алмашууну өбөлгөлөөчү жана да басма сөз катчыларынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча алгылыктуу кадамдарды иштеп чыгуу, талдоо жүргүзүү максатында өткөрүлүүчү пресс-тур.

Маектешүү расмий эмес жагдайда өткөрүлүп, келген меймандар MegaCom операторунун жалпы ишмердүүлүгү, анын ичинде абоненттердин мүдөөлөрүнө төп келген актуалдуу тарифтер, санариптик кызматтар, долбоорлор тууралуу өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алып жатышты.

«Суроо – жооп» форматындагы сүйлөшүүлөрдөн соң «Альфа Телеком» ЖАКтын негизги бөлүмдөрүнө экскурсия жасалып, иш-чаранын катышуучулары 3 миллиондон ашык абонентти сапаттуу, жеткиликтүү байланыш менен камсыздаган стратегиялык ири ишкананын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып чыгышты. Чогулгандар MegaCom'дун IT-мектебинин, техникалык дирекциясынын, ошондой эле компаниянын Байланыш борборунун ишине өзгөчө кызыгуу артышты.

Эске сала кетсек, MegaCom уюлдук байланыш оператору («Альфа Телеком» ЖАК) − 100% үлүшү мамлекетке тиешелүү болгон, мекенибиздин телекоммуникация тармагында көч башында келе жаткан компаниялардын бири. MegaCom Кыргыз Республикасындагы эң ири салык төлөөчү жана тармактын жыштык диапазонунун сыйымдуулугу боюнча өлкөдөгү №1 уюлдук компания болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: