super.kg logo

Эрдоган Европадагы дагы үч өлкөнү "терроризмди колдойт" деп айыптады

 

НАТОнун Финляндия менен Швецияны кабыл алуу чечимин жактырбаган Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган террордук уюмдарды бул өлкөлөр гана эмес, Германия, Франция жана Нидерландия дагы колдойт деп билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"НАТО бул террорчуларды колдоо уюму эмес, коопсуздук уюму. Алар Швеция, Финляндия, Германия, Франция жана Нидерландыда полиция менен бирге террордук уюмдарды коргошот. Алар террордук уюмдардын лидерлери тартылган плакаттар менен жүрүшкө чыгышат. Азырынча бизге эч кандай конкреттүү документ (Түркиянын кооптонуусун жөнгө салууга кепилдик берүүчү) берилген жок. Документтерде сакталбай турган сөздөргө ишене албайбыз", - деген ал.

Түрк президентинин айтымында, Түркияга курал сатуудан баш тарткан өлкөлөр ошол эле учурда Сириядагы террорчуларды бекер куралдандырышкан.

"Бул практика мыйзамдуулукка туура келбейт. Бул террордук өлкөлөрдүн ыкмалары", - деп кошумчалаган ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: