Саруулуктар талаптарын аткарууга бийликке 5 күн убакыт беришти
Бүгүн, 29-ноябрда Жети-Өгүз районунда “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары менен жолугушуудан кийин саруулуктар митингге чыгууну токтотмой болушту. Муну SUPER.KG порталына аталган райондун акими Дамир Моңолдоров билдирди. Айта кетсек, саруулуктар менен жолугушууга Өмүрбек Текебаев, Эркин Алымбеков, Бактыбек Калмаматов, Асия Сасыкбаева, Туратбек Мадылбеков, Жоомарт Сапарбаев катышты. Саруулуктар 7-октябрдагы митингде кармалган жердештерин бошотууга бийликке 5-декабрга чейин мөөнөт берип, эч кандай нааразычылык акцияларына чыкпоо чечимине келишти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

