super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Ишкерлерге шарт түзүп бербей эле аларды "саап" жатабыз"

 

Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева кассалык аппаратты колдонууга каршы болуп, митингге чыккандардын маселесин чечүүнүн бир жолун сунуштады.

Айтымында, ишкерлерди пайызы төмөн насыя менен камсыз кылуу керек.

"Биздин мамлекетте былтыркы жылы 11 банкка пайызсыз 447 миллион сом насыя берилсе, анын ичинен 3 (үлүшү мамлекеттик) банк каражаттын бир бөлүгүн өздөштүргөн жок деп Финансы министрлигине кайтарып беришкен.

Анан сиздер кантип кассалык аппараттарды колдонууну талап кыласыздар? Биринчи шарт түзүп берип анан талап койсок жакшы болмок. Экономикалык кризис, баалар кымбаттап жатат. Уйду деле тойгузуп анан саайт да, туурабы? А бизде ишкерлерге эч кандай шарт түзбөй эле "саап" жатабыз. Орто жана чакан ишкерликтерге шарт түзүп берилиши керек", - дейт эл өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: