super.kg logo
  Спорт  

Алматы: Жоламан Шаршенбеков элдешкис атаандашы Керем Камалга жеңилип калды

 

Бүгүн, 2-июнда коңшу Казакстандын Алматы шаарында рейтингдик делген Болат Турлыхановдун Кубогу үчүн эл аралык турнири старт алды.

Бул турнирге 63 килограмм салмакта катышкан Жоламан Шаршенбеков алгачкы жүрүшүндө эле фаворит аталган түркиялык Керем Камал менен кез келип, жеңилүү ызасын тартып калды.

Былтыр июнь айында Түркияда өткөн "Vehbi Emre&Hamit Kaplan" эл аралык турниринде Жоламан Шаршенбеков менен дал ушул Керем Камал финалга чыккан. Анда кыргыз балбаны алдыда Олимпиада оюндары күтүп тургандыктан күрөштөгү сырды билдирбеш үчүн финалда күрөшүүдөн баш тарткан. Жыйынтыгында Шаршенбеков күмүш медалга ээ болгон.

Ошондой эле бул турнирге 67 килограмм салмакта катышкан Амантур Исмаилов жарым финалга чыкса, Дастан Кадыров, Атабек Азисбеков, Куттубек Абдыкерим уулу, Мелис Айтпеков, Калы Сулайманов жана Халмурат Ибрагимов жеңилүү ызасын тартышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: