Алматы: Жоламан Шаршенбеков эл аралык рейтингдик мелдеште коло медаль утту
Кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков коңшу Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан Болат Турлыхановдун Кубогу үчүн эл аралык рейтингдик турниринде коло байге утту.
Алгачкы атаандашына жеңилип калган Жоламан Шаршенбеков коло байге үчүн болгон беттеште "Токио-2020" Олимпиадасында жеңген казакстандык Мейрамбек Айнагулов менен күрөшмөк. Бирок Айнагулов килемге чыкпагандыгына байланыштуу кыргыз балбаны жеңүүчү аталды.
Ошондой эле бул турнирге 87 килограмм салмакта катышкан Атабек Азисбеков дагы коло байгеге ээ болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.