Бишкекте майыптар үчүн үй курулат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Рустам Иманалиев билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы Жибек-Жолу жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги мурдагы президент Курманбек Бакиевге таандык делген жерде 2010-жылдан бери ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер жашап келишкен. Бирок Бишкек шаардык мэриясынын чечими менен ал жерге майыптар үчүн үй курулмай болду. Тактап айтканда, ал жерде жашап жаткан майыптар 3-июнда карылар үйүнө көчүштү.
"Биз 2010-жылдан бери жашап жаткан жерге майыптар үчүн үй курула тургандыгына байланыштуу убактылуу карылар үйүнө көчүп жатабыз. Бул жерге чындап эле майыптар үчүн үй курулабы же эртең бир чоң дүкөн салынабы деп кооптонуп жатабыз. Эң башкысы баары мыйзам ченемдүү болсо болду", - деди ал.