super.kg logo
  Спорт  

Алматы: Акжол Махмудов менен Айпери Медет кызы финалга чыкты

 

Бүгүн, 3-июнда коңшу Казакстандын Алматы шаарында рейтингдик делген Болат Турлыхановдун Кубогу үчүн эл аралык турниринин экинчи күндүк беттештери уланды.

Мелдешке 82 килограмм салмакта катышкан Акжол Махмудов рейтингдик турнирдин финалына чыкты. Ал жарым финалда грузиялык Торнике Дзамашвили аттуу балбанды 4:1 эсебинде жеңип алды.

Эми финалда Акжол Махмудов ирандык Пежман Поштам аттуу балбан менен кез келет.

Ошондой эле ушул эле салмак категорияда Калидин Асыкеев коло байге үчүн күрөшөт. Анын атаандашы казакстандык Шамиль Батыров болот.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы финалга чыкты. Анын финалдагы атаандашы египеттик Самар Амир Хамза аттуу балбан болот.

Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө старт алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: