super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көл. Саруу айылынын тургундары "Каптагаев жеп кеткен 80 миллион сомду төлөсүн" дешүүдө

 
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы К.Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында бүгүн, 29-ноябрда “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрүп жатышат. Жолугушууга депутаттар Өмүрбек Текебаев, Асия Сасыкбаева, Эркин Алымбеков, Туратбек Мадылбеков, Гүласал Садырбаева, Жоомарт Сапарбаев жана Бактыбек Калмаматов катышууда. 
Бул жакка келгенге чейин депутаттар Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын эли менен жолугушкан. 
Каракол шаарындагы чогулушка келишкен Саруу айылынын жашоочулары өкмөттүн облустагы өкүлүнө карата ойлорун айтышты. 
“Каптагаев көлдүктөрдү бири-бири менен чабыштырып, эл ынтымагын бузуп жатат. Ал Жети-Өгүздө иштеп жатканда 80 миллион сом акчаны жеп кеткен. Ошол акчаларды төлөп берсин” дешет Саруу айылынын тургундары.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: