super.kg logo
  Спорт  

Алматы: Акжол Махмудов эл аралык турнирде алтын медаль утту

 

Бүгүн, 3-июнда коңшу Казакстандын Алматы шаарында рейтингдик делген Болат Турлыхановдун Кубогу үчүн эл аралык турниринин экинчи күндүк беттештери уланды.

Мелдешке 82 килограмм салмакта катышкан Акжол Махмудов рейтингдик турнирдин финалына чейин жетип, финалда ирандык Пежман Поштам аттуу балбан менен кез келди.

Биринчи бөлүктө ирандык балбан активдүү күрөшпөгөнү үчүн партерге коюлуп, Акжол Махмудовго бир упай берилди. Андан Акжол Махмудов дароо 8 упай алып, 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.

Ошондой эле ушул эле салмак категорияда дагы бир кыргыз балбаны Калидин Асыкеев коло байгеге ээ болду.

Казакстанда эмгек сиңирген машыктыруучу Болат Турлыхановдун элесине арналган турнир кадыр-барктуу турнирлердин бири болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: