Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолу кардан тазаланууда
Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Кара-Сай айылынан Ак-Шыйрак айылына бара турган унаа жол кардан тазаланууда. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.Ага ылайык, учурда Кара-Сай – Ак-Шыйрак унаа жолунун болжол менен 60 чакырымы кардан тазаланган. Жалпы жолдун узундугу 108 чакырымды түзөт. Унаа жолдогу кардын калыңдыгы 60-70 сантиметр.
"29-30-май күндөрү кар калың жаагандыктан Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолу жабылып, 31-май күнү Жарандык коргонуу кызматтарынын техникалары тартылып жол ачылган. Ал эми Кара-Сай айылынан Ак-Шыйрак айылына бара турган унаа жолу кардан тазаланууда", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-12-20
14:59
2025-12-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















