super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көл: Жаштардын өкүлдөрү "Жылдыз Жолдошеванын 20 гектар жерин үй куруу максатында жаштарга бөлүп берсин" дешти

 
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы К.Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында бүгүн, 29-ноябрда “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрүп жатышат. Жолугушууда жаштар арасындагы жумушсуздук маселеси да козголду. 
Жаштардын өкүлдөрү “Пенсионерлерди кызматтан кетиргиле. Жаштарга жумуш орундары жетишсиз. Жылдыз Жолдошеванын 20 гектардан ашуун жерин үй куруу үчүн жаштарга бөлүп бергиле” деген талаптарын айтышты. 
Мындан сырткары тургундар шайлоого акимдердин ашыкча киришип алганын, алардын бөлүнүп-жарылып, жаңы айыл өкмөт башчыларын шайлай албай жатышканын кошумчалашты. 
Белгилей кетсек, жолугушууга депутаттар Өмүрбек Текебаев, Асия Сасыкбаева, Эркин Алымбеков, Туратбек Мадылбеков, Гүласал Садырбаева, Жоомарт Сапарбаев жана Бактыбек Калмаматов катышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: