Колумбиялык ырчы Шакира футболчу Жерар Пике менен эки жолго түшкөнүн жарыялады
Колумбиялык ырчы Шакира түгөйү испаниялык футболчу Жерар Пике менен эки жолго түшкөнүн жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.
Маалым болгондой, ырчынын мындай кадамга барышына жолдошунун ала жипти аттаганы себеп болгон.
"Тилекке каршы, биз ажырашып жатканыбызды ырастайбыз. Биздин башкы приоритетибиз балдарыбыздын бактылуулугу болуп саналат. Биз купуялуулуктун сакталышын суранабыз", - деген ал.
Белгилүү болгондой, Жерар Пике менен Шакира 2011-жылы сүйүү мамилесин ачыкташкан. 11 жылдан бери түгөйлөр 2 уулдуу тарбиялап келишкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.