Жайлоодогу малчыларга берилет. Ысык-Көлдүн Ак-Шыйрак айылына 1200 түк чөп жиберилди
Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Ак-Шыйрак айылына 1200 түк чөп жиберилди. Бул туурасында ӨКМдан маалымдашты.Ага ылайык, жеткирүү ишине жалпы 6 оор техника тартылып, ӨКМдан 2, Чек ара кызматынан 2 жана жергиликтүү тургундар тарабынан 2 бирдик техника уюштурулган.
Белгилей кетсек, 29-30-май күндөрү кар калың жаагандыктан бир нече аймакта кар көчкү жана жер көчкү жүрүп, Ысык-Көл облусунун бир нече райондорунда жолдор жабылып, байланыш каттамдары үзүлгөн. Мындан улам жайлоого чыккан малчыларда тоют көйгөйү пайда болуп, миңдеген мал-жандыктары өлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-12-20
14:59
2025-12-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















