super.kg logo

Mercedes-Benz компаниясы тормоз системасынан улам дүйнөдөгү миллиондон ашык унаасын кайра чогултат

 

Германиянын Mercedes-Benz компаниясы дүйнө жүзү боюнча 1 миллион 300 миңден ашык унаасын техникалык тормоздук көйгөйлөрдөн улам кайра чогултууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, аталган компаниянын 2004-2015-жылдар аралыгында чыгарылган ML, GL жана R-класстагы унаалары кайра чакыртып алынат.

"Тормозду күчөткүчтөгү коррозия эң начар учурда тормоз педалы менен тормоз системасынын ортосундагы байланыштын бузулушуна алып келиши мүмкүн. Натыйжада кызматтык тормоз иштен чыгат", - деп айтылат Mercedes-Benz компаниясынын билдирүүсүндө.

Дүйнө жүзү боюнча 993 миң 407 унаа, анын ичинде Германияда 70 миңдей унаа кайра чакыртып алынат.

Компания бул унааларды текшерүүгө ниеттенүүдө, эгер зарыл болсо алардын ээлерине цехте болгон акысыз альтернативдүү унаалар сунушталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: