super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көл: Жаштар кеңешинин төрагасы "Шаарда бассейнге акча төлөп киргендей эле, көлгө кирерде да төлөш керек" дейт

 
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы К.Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында бүгүн, 29-ноябрда “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрүп жатышат. 
Жолугушууда облустун тургундары эл өкүлдөрүнө аймактагы бир топ маселелерди чечүү керектигин айтышты. 
Жаштар кеңешинин төрагасы “Экологиялык постту кайра ишке киргизүү зарыл. Түшкөн акчаны көлдүн тегерегин жашылдандырууга жумшоо керек. Шаарда бассейнге деле акча төлөп киришет го, килтейген көлгө киргенде да акча төлөнүшү керек” деген оюн билдирди. 
Белгилей кетсек, жолугушууга депутаттар Өмүрбек Текебаев, Асия Сасыкбаева, Эркин Алымбеков, Туратбек Мадылбеков, Гүласал Садырбаева, Бактыбек Калмаматов жана Жоомарт Сапарбаев катышууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: