super.kg logo

Бишкекте таанышын алдап, 70 миң сомун алып качып жүргөн жаран кармалды

 
Бишкекте шаар тургуну чала таанышына алданып, 70 миң сом зыянга учураган. Бүгүнкү күндө алдамчылыкка шектүү колго түшүрүлгөнүн Биринчи Май РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, ушул жылдын январь айында шаар тургуну милицияга кайрылган. Анда ишенимге кирип 70 миң сомун алып, качып кеткен чала таанышына карата чара көрүүнү суранган.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 209-берене (алдамчылык) менен каттоого алынып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.
Жогорудагы кылмышка шектелип 21 жаштагы Т.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда шектүүнүн мындан башка дагы кылмыштарга катыштыгы бар же жогун тактоо иштери улантылып жатат.
Эгерде сүрөттөгү жарандан жабыр тарткандар болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш номерлери: 0(500) 03-03-05, 0(700) 05-15-35 же 102.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: