Кадамжайда Hyundai Avante унаасы толугу менен өрттөнүп кетти
Баткен облусунун Кадамжай районунда Hyundai Avante унаасы толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кадамжай районунун аймагындагы Ош-Исфана унаа жолунун болжолдуу 120-чакырымында Hyundai Avante үлгүсүндөгү унаа өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Тилсиз жоо менен күрөшүүгө №76 өрткө каршы куткаруу бөлүмү тартылган, саат 16:22де өрт чектөөгө алынып, саат 16:30да толугу менен өчүрүлгөн", - деп билдиришти аталган министрликтен.
Унаа толугу менен өрттөнүп кеткен. Бактыга жараша, адам өмүрүнө зыян келген эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.