super.kg logo

"Дачага уурдап барып зордуктаган". Чүйдө 24 жаштагы жаран кармалды

 

Ысык-Ата районунда зордуктоо фактысы катталып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-июнда милицияга Ысык-Ата районундагы дачалардын биринде кыз зордуктоо фактысы боюнча маалымат түшкөн. Кийинчерээк 29 жаштагы А.Н. бейтааныш адамга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

5-июнда чала тааныш адам аны үйүнө жеткирип коём деген шылтоо менен каалоосуна каршы Ысык-Ата районундагы дачалардын бирине алып кеткен. Ал жерден күч колдонуп, денесине залал келтирем деп коркутуп, андан соң зордуктаган. Кыз эртең менен гана качып кете алганын билдирген.

"Бул факты боюнча "адам уурдоо", "зордуктоо" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүүнүн аты-жөнү такталып, ал 24 жаштагы А.Р. экени белгилүү болгон. Сурак учурунда шектүү кыз менен социалдык тармактан таанышканын, буга чейин аны спорт залдан көргөнүн түшүндүргөн.

Кат алышуу жана видео чалуулардан кийин алар 5-июнда Бишкектеги кафелердин биринде жолугушкан. Кыз аны менен дачага барууга макул болгон. Кармалган адам эч кандай күч колдонуусуз, өз ара макулдашуу боюнча интимдик мамиледе болгонун билдирген. Жигит эртең менен кыз кетип калгандыгын көргөн соң райондук милицияга кайрылган", - деп жазылган маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: