Казакстан 8-июндан тарта ПЦР тест жана эмдөө паспортун талап кылууну жокко чыгарат
8-июндан тарта Казакстандын жарандары жана чет элдиктер үчүн чек арадан өтүүдө эмдөө жана ПЦР тест тастыктоо талаптары жокко чыгарылат. Мындай чечимди коронавирусту жайылтпоо боюнча ведомстволор аралык комиссия кабыл алган.
"8-июндан тарта Казакстандын жарандары жана чет өлкөлүктөр үчүн COVID-19га каршы эмдөө же ревакцинациялоонун документалдык далилдерин (паспорт/маалымкат/КОВИД-19га каршы эмдөө жөнүндө күбөлүк) көрсөтүү боюнча милдеттүү талап жокко чыгарылат", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Казакстандын мамлекеттик чек арасынын айрым участокторунда өлкөнүн жети облусунда убактылуу жабылган 12 унаа өткөрүү пункту ачылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.