Бишкектеги көп кабаттуу үйдүн терезесинде ойноп жаткан 2 кичинекей кыз куткарылды
Бишкек шаарындагы Үмөталиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 5-кабатындагы терезеде ойноп жаткан 3 жана 5 жаштагы 2 кичинекей кыз куткарылды. Бул туурасында ӨКМдан маалымат таратышты.Маалым болгондой, 2 кичинекей кыз көзөмөлсүз кооптуу абалда турганы боюнча ӨКМнын 112 кызматына билдирүү түшкөн.
Жерине шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу барып, наристелерди алып түшүү аракетин көрүшкөн.
Куткаруучулар 9-кабаттан 5-кабатка атайын альпинисттик шаймандын жардамы менен түшүп, 2 кызды куткарып калышты. Алар ИИМ кызматына өткөрүп берилген.
Белгилей кетсек, кичинекей кыздар ата-энесинин көзөмөлүсүз калган.
Бишкекте көп кабаттуу үйдүн терезесинде ойноп жаткан 2 кичинекей кыз куткарылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-12-20
14:59
2025-12-20
Рейтинг:
3
3
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















