Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган жер астынан өтүүчү жол табылды
Кыргызстанды Өзбекстан менен жер асты аркылуу байланыштырган тоннель табылды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 4-июнь күнү Ош облусунун Кара-Суу шаарында жайгашкан чарбалык турак жайдын бетон тротуарында эки өлкөнү байланыштырган тоннель аныкталган.
"Тоннелдин тереңдиги 17,5 метр бийиктикте, кире бериш жери 1,80 метр, туурасы 70-80 сантиметр, кире бериштен чыгуусуна 155 метрге жакын экени аныкталган.
Учурда бул тоннелди пайдалануу менен мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - дешет маалымат кызматынан.
Кыргызстанды Өзбекстан менен жер асты аркылуу байланыштырган тоннель табылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:10
2025-08-14
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.