super.kg logo

Түркиялык ишкерди сабап, акчасын ээлеп алганга шектүү жарандар кармалды

 
Бишкекте чет өлкөлүк жаранды карактоого шектүү 2 жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, белгисиз адамдар 28-майга караган түнү шаардагы жаңы конуштардын биринде 57 жаштагы түркиялык ишкер О.Ч. жашаган үйгө киришкен. Кылмышкерлер күч колдонуп, ишкерди таяк менен сабап, андан кийин 60 миң сомдон ашык акча жана башка баалуу буюмдарды ээлеп алышкан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышкерлер дарбазадан секирип кирип, андан кийин короодогу электр жарыгын өчүрүшкөн. Ошол учурда жабырлануучу короого чыкканда ага кол салышкан.
Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталып, Кылмыш-жаза кодексинин "алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган каракчылык" боюнча кылмыш иши козголгон.
6-июнда шектүү катары А. уулу С. менен А.уулу А. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн жарандардын башка ушул сыяктуу кылмыштарга катышы бар же жоктугу текшерилүүдө.
Жогорудагы жарандардан жабыр тарткандар же кандайдыр бир маалыматтарды билгендер ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына (0312) 266004 телефон номурлары аркылуу кабарласа болот.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: