super.kg logo

Бүгүн Казакстанда президент Токаевдин 3 жаңы облус түзүү жарлыгы күчүнө кирди

 

Казакстанда бүгүн, 8-июнда президент Касым-Жомарт Токаевдин 3 жаңы облус түзүү жөнүндөгү жарлыгы күчүнө кирди. Бул тууралуу казак басылмалары жазышат.

Ага ылайык, Абай, Жетису жана Улытау облустарын түзүү жана Алматы облусунун административдик борборун Талдыкоргандан Конаев шаарына которуу боюнча атайын жарлыкка президент Касым-Жоомарт Токаев кол койгон.

Абай облусу Алматы облусунан бөлүнүп чыгып, курамына 7 район жана Аксуат, Семей, Курчатов шаарларын алганы кабарланды. Анын административдик борбору Семей шаары болот.

Ал эми ушул эле облустагы 8 район менен Талдыкорган жана Текели шаарлары бөлүнүп чыгып, жаңы Жетису облусун түзөт. Административдик борбору Талдыкорган шаары боло турганы маалым болду.

Ошондой эле Улытау облусунун курамына Караганды облусунан бөлүнүп чыккан Сатпаев жана Каражал шаарлары, Жанаарка жана Улытау райондору кирет. Административдик борбору Жезказган калаасы боло турганы белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: