super.kg logo

"Келинине болушам деген". Нарында өз атасын бычак менен сайып өлтүргөнгө шектелип уулу кармалды

 

Нарын облусунда өз атасын бычак менен сайып өлтүргөнгө шектелип уулу кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-июнь күнү болжол менен саат 14:30 чамасында Нарын районунун Алыш айылынын тургуну, 1975-жылы туулган К.Т. өзүнүн үйүнөн 1951-жылы туулган атасы К.Э.ны бычак менен сайып, денесине жаракат келтиргенин Нарын облустук ооруканасынан билдиришкен.

Окуя болгон жерге Нарын РИИБинин ыкчам-тергөө тобу барган учурда 7-июнь күнү саат 13:30 чамасында Нарын районунун Алыш айылынын тургуну эшиктен мас абалында үйүнө кирип келип, жубайы менен уруша кеткен. Келинине болушкан атасын шектүү жүрөк тушуна бир жолу бычак менен сайып жиберген.

Натыйжада шектүүнүн атасы денесинен алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза болуп калган. Бирок окуя болгон жерден шектүү изин жашырып качып кеткен. Аталган факты Нарын РИИБи тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: