super.kg logo
  Саясат  

Билим берүү министрлиги коррупциялык кылмыш иши көп козголгон мекемелердин алдынкы катарында турат

 
2013-жылы 10 ай ичинде Билим берүү министрлигинде коррупциялык мүнөздөгү 14 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрдагы маалымат жыйынында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси Бактыбек Ашыров билдирди. 
Анын айтымында, 2013-жылдын январь-октябрь айында жалпысынан 238 коррупциялык факты аныкталып, андан түшкөн зыян 214 миллион сомдон ашуун сумманы түзгөн. 
Соттук органдарга 66 кылмыш иши жөнөтүлгөн. Анын ичинде Билим берүү министрлигинде коррупциялык көрүнүштөр боюнча 14 кылмыш иши козголгон. 
Коррупциялык көрүнүштөр боюнча көп кылмыш иши козголгон мекемелердин катарына Мамлекеттик каттоо кызматы жана Саламаттыкты сактоо министрлиги да кирет. Буларда 12ден кылмыш иши козголгон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: