Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылды
Бишкек шаардык соту Фарид Ниязовду баш коргоо чарасын өзгөртүүдөн баш тартты. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Фарид Ниязовду үй камагына чыгаруу өтүнүчү канааттандырылган жок.
Эске салсак, президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов 9-октябрда "Ала-Тоо" аянтындагы массалык баш аламандыкты уюштурган деген айып менен камакка алынган. Ага карата Жазык кодексинин 264-беренеси "массалык баш аламандыкты уюштуруу" боюнча кылмыш иши козголгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.