super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда салык төлөөдөн баш тартуу фактысы боюнча 67 кылмыш иши козголгон

 
2013-жылы 10 ай ичинде салык төлөөдөн баш тартуу фактысы боюнча 67 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрдагы маалымат жыйынында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси Бактыбек Ашыров билдирди. 
Анын айтымында, салык кызматы тарабынан 231 текшерүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында 438 миллиондон ашуун сом казынага которулган. 
“Мамкызматтын тергөө башкармалыгы тарабынан “Баланта Кей Джи” ЖЧК тарабынан ири өлчөмдөгү салыкты төлөбөө фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Ал фирма мамлекетке 11 миллион 140 миң сомдук зыян келтирген. Ошондой эле “Эйжн Трейд Хаус” ЭЖЧК тарабынан 9 миллион сомдон ашуун салык төлөбөгөн фактысы боюнча кылмыш иши козголгон”,- деди Ашыров.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: