“Реалдын” президенти Флорентино Перес футболчу Серхио Рамосту 65 миллион еврого сатат

Мадриддик “Реалдын” президенти Флорентино Перес аталган клубдун коргоочусу Серхио Рамосту 65 миллион еврого сатууга даяр. Бул тууралуу испаниялык басылмалар билдирет.
Маалыматка ылайык, футболчу менен клубдун президентинин ортосунда түшүнбөстүк жакында экөөнүн жолугушуусунда чыккан. Анда 27 жаштагы футболчу айлык маянасын арттырууну суранган. Перес бул тема тууралуу сүйлөшүүдөн баш тарткан. Жыйынтыгында Серхио Рамос клубдан кетерин айткан.
Испаниялык басылмалар белгилегендей, трансферге 65 миллион евро өлчөмүндө акча бере турган болсо, президент футболчуну клубдун элдешкис атаандашы “Барселонага” да сатууга даяр.
Эске салсак, Серхио Рамос клубга 2005-жылы испаниялык “Севильянын” курамынан келип кошулган. Трансфердин суммасы 28 миллион еврону түзгөн. Рамос учурда клубда жылына 5 миллион евро маяна алат. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Satpai ele koibopturda