Кремль Украинадагы жаңжал качан аяктаарын билдирди
Украинадагы жаңжал белгиленген тапшырмалар аткарылып бүткөндөн кийин аяткайт. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдирген.
"Президент Путин атайын аскердик операциянын алдында турган милдеттерди белгиледи. Бул милдеттердин аткарылышы атайын аскердик операциянын бүтүшүн билдирет", - деген Песков.
Ал "Украинанын азыркы бийлигинин тушунда атайын операциянын ийгиликтүү аяктаганын кароого болобу?" деген суроого жооп берген эмес.
Буга чейин Мамлекеттик Думанын депутаты Адам Делимханов Украинадагы согуштук аракеттер ушул жылдын аягына чейин токтоорун билдирген.
Украинадагы жаңжал 24-февралда башталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
-3

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.