super.kg logo

Бишкекте 7 жолу соттолгон жаран уурулукка шектелип кармалды

 

Бишкекте мурда бир нече жолу соттолгон адам уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалым болгондой, милиция кызматына эки ай мурда жергиликтүү ишкер арыз менен кайрылган. Анда 12-апрелде таңкы саат 4:00 чамасында уюлдук телефондорду, аксессуарларды жана жабдууларды саткан дүкөнгө эшигин ачып кирип, болжол менен 150 миң сомдук мүлктү уурдап кеткен адамдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси "уурдоо" менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип 1984-жылы туулган А.А. аттуу Чүй облусунун тургуну Бишкек шаарынын аймагынан кармалган.

Шектүү мурда 7 жолу сот жообуна тартылган, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жогу текшерилип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: