super.kg logo

Ысык-Көлдө дене тарбия мугалими окуучулары менен бирге мал уурдаганы аныкталды

 

Ак-Суу районунда дене тарбия мугалими мал уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-июнь күнү милицияга жаран кайрылып, белгисиз адамдар анын бир баш коюн уурдоого аракет кылышканын айткан.

"Жабырлануучу буга чейин анын 4 баш майда малын уурдап кетишкенин билдирген. Милиция кызматкерлери мал уурулук менен алектенген адамдарды аныкташкан. Алар Отрадное айылынын жети тургуну болуп чыкты. Сурак учурунда алар күнөөсүн моюнуна алып, айылдаштарынын 15 баш коюн жана 3,5 тонна эгинин уурдап кетишкенин билдиришкен.

Алардын бири дене тарбия мугалими болуп иштеген 25 жаштагы Б.Б. Ал кылмышка өзү окуган мектептен жогорку класстын окуучуларын аралаштырган. Уурдалган малды Түп айылындагы досуна саткан", - деп жазылган маалыматта.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: