super.kg logo
  Саясат  

“КРнын мѳңгүлѳрү жѳнүндѳ” мыйзам долбоору талкууланган тегерек стол өттү

 

Бишкекте 29-ноябрда “КРнын мѳңгүлѳрү жѳнүнд” мыйзам долбоору талкууланган тегерек стол өттү. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары Эркингүл Иманкожоева менен Чолпон Султанбекова жана мамлекеттик органдардын, илимий чѳйрѳнүн, жарандык коомдун ѳкүлдѳрү катышты. Талкууда Кыргызстандын мѳңгүлѳрүн сактоонун актуалдуу кѳйгѳйлѳрү жѳнүндѳ сѳз болду. Мыйзам долбоору боюнча конструктивдүү сын-пикирлер айтылды. Жыйынтыгында мыйзам долбоору боюнча сын-пикирлерди демилгечилерге берүү, ал сунуш-пикирлерди мыйзам долбоорун экинчи окууда кароодо эске алуу, мѳңгүлѳргѳ келтирген зыянды баалоо методикасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү боюнча сунуштар айтылды.   

Иш-чараны БУУнун Өнүктүрүү программасы өкмөткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги уюштурду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: