Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон уулу Рустамды өлкөнүн бажы башчысы кылып дайындады
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон үй-бүлө мүчөлөрү менен.


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон үй-бүлө мүчөлөрү менен.

Рустами Эмомали буга чейин Тажикстандын Бажы кызматынын башчысынын орун басары болуп иштеп келген.

6-ноябрда Тажикстанда болуп өткөн президенттик шайлоодо 4-жолу президент болуп шайланган Эмомали Рахмон кечээ, 29-ноябрда өлкөнүн жаңы премьер-министри Кохир Расулзаде баштаган жаңы өкмөтүн түзгөн.
Бүгүн, 30-ноябрда Эмомали Рахмондун указы менен анын 26 жаштагы уулу Рустами Эмомали Тажик Республикасынын Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды.
Эске салсак, Рустам Эмомали буга чейин Тажикстандын Бажы кызматынын башчысы Гурез Зариповдун орун басары болуп иштеп келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
Рейтинг:
-1

