Кызыл деңизде 16 миң койду жүктөп бара жаткан кеме чөгүп кетти
Судандагы Кызыл деңизде бортунда дээрлик 16 миң кой бар кеме чөгүп кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, кырсыктын себеби кемеге жүктөлгөн ашыкча жүк болгон. "Бадр-1" кемеси алгач 9 миң, модификациялангандан кийин 12 миң баш койго ылайыкталган. Бирок ага карабастан кемеге 15 миң 800 кой жүктөлгөн.
Жүк Сауд Арабияга Курман айт майрамына карата алынып бара жаткан. Суакин портунун жетекчилиги Кызыл деңизге чоң экологиялык коркунуч жаралышы мүмкүн деп эсептейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.