super.kg logo

"Достор" түйүнү дагы 2 дискаунт дүкөнүн ачты

 

Жогорку суроо-талапка ээ товарларды ыңгайлуу баада сунуштап, кардарларын кубанткан “Достор” дүкөндөр тармагы аймагын кеңейтти. Тагыраагы, аталган түйүн дагы 2 дискаунт дүкөнүн ачты. Алар Чүйдүн Новопокровка жана Романовка айылдарында жайгашкан.

9-июндан тарта Романовка айылынын Фрунзе көчөсү, 86 дарегинде жайгашкан "Достор" түйүнү ишке кирип, саат 07:00дөн түнкү 00:00гө чейин кардарлар үчүн эшигин ачты.

10-июнда Новопокровка айылынын Ленин көчөсү, 691 дарегинде да "Достор" түйүнүнүн жаңы дүкөнү ачылды. Дүкөн саат 09:00дөн 21:00гө чейин сатып алуучуларды тейлөөгө даяр.

Дүкөндөрдөн күнүмдүк жашоо-шартка өтө керек болгон товарларды арзан баада алууга болот. Текчелер ишенимдүү өндүрүүчүлөрдүн товарларынан, ошондой эле өздөрүнүн соода белгилери менен катталган товарлар менен толукталган.

"Достор" түйүнү абдан маанилүү болгон товарларга гана басым жасап, алда канча төмөн бааны сунуштайт. Мындан улам товарларга арзандатуулар болбойт. "Достор" кардарлардын керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган. Демек, дүкөн тандоону жөнөкөйлөштүрөт.

Чакан дүкөндөрдөн зарыл болгон товарларды оңой эле таап, убакытты үнөмдөөгө болот. Ар бир дүкөндүн ассортиментинде 1200гө жакын товардын түрлөрү бар.

“Достордун” башкы өзгөчөлүгү эң төмөнкү баалар. Түйүндүн дискаунт дүкөндөрү башка супермаркеттерден кичине, демек ижара акысы да азыраак. Муну менен товарлардын баасы да башкаларга салыштырмалуу арзан болот.

Ошондой эле дүкөндүн текчесинде кардарлар үчүн эң зарыл болгон товарлар гана бар, бул керексиз товарларды жеткирүүдөгү чыгымдарды азайтат. Өзгөчө региондогу кардарлар товарларды эң төмөнкү баада сатып ала алышат. Ошентип ар бир сатып алуучу "Достор" дүкөнүнөн соода кылуу менен үнөмдөөгө салым кошо алат.

"Достор" тандоону жөнөкөй кылат! Баасы арзан жана товардын сапаты ишенимдүү. Кыргызстандын бардык аймактарында жеткиликтүү болуу үчүн биздин дүкөндөр тармагы мындан ары да кеңейүүнү токтотпойт.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: