Түркия 1-июлдан тарта шаарларда чет элдик жарандардын жашоосуна чектөө киргизет
Түркия өлкөсү 1-июлдан тартып бардык шаарларында чет элдик жарандардын жашоосуна чектөө киргизет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Түркия бийлиги чет элдик жарандардын шаар аймагында жашоосу үчүн квотаны кыскартып жатканын жергиликтүү "Yeni Safak" гезити ички иштер министри Сулейман Сойлуга шилтеме берип жазды.
"1-июлдан тарта шаарларда жашаган чет элдиктердин үлүшү 25 пайыздан 20 пайызга чейин кыскарат. Учурдагы квота белгиленген чектен ашкандыктан кеминде 1200 район чет элдик жарандар үчүн жабылат", - деди ИИМ башчысы.
Аталагн өлкөдө биринчи жолу чет элдиктерге жашоого уруксат берүүгө квота киргизилгени февраль айында белгилүү болгон. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, мындай чечим негизинен Дамасктан качкан сириялык качкындардын агымынын көбөйүшүнө байланыштуу кабыл алынган.
Бул чаралар Кыргызстандын жарандарына да таасир этиши мүмкүн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.