super.kg logo

Бишкекте "Ош базарынан" эки телефонду уурдаганга шектелген жаран кармалды

 

Бишкектеги "Ош базарынын" аймагында уурулук фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга борбор калаанын тургуну А.Р. арыз менен кайрылган. Анда ал ошол эле күнү саат 17:20 чамасында белгисиз адамдар "Ош базарынан" балдар арабасынын чөнтөгүнөн 12 миң сомдук Самсунг 02С жана 14 миң сомдук Самсунг 02 үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун уурдап кетишкендигин билдирген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

"Жүргүзүлгөн иликтөө жана издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган С.А. кармалып, Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүрүп жатат", - деп жазылган маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: