Таразда өткөн веложарышта бишкектик спортчулар байгелүү орунга жетишти
Казакстандын Тараз шаарында тоо-велосипед боюнча республикалык ХСС (шорт-трек) веложарышка Кыргызстандын атынан 7 велоспортчу катышты. Бул туурасында шаардык мэриядан маалымдашты.
Анын жыйынтыгында бишкектик Елизавета Шереметова 2-орун, Алимина Чалова 3-орунга ээ болушту.
Иш-чара сергек жашоо образын калыптандыруунун маанилүү фактору катары дене тарбия жана спорт менен машыгууну жайылтуу жана жалпы калк арасында велоспортту жайылтуу. Ошондой эле велоспорт боюнча эң күчтүү ышкыбоз спортчуларды аныктоо максатында өткөрүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.