super.kg logo

Чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган адам кармалды

 

Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-майда азык-түлүк товарларын мыйзамсыз алып келүү аракети тууралуу маалымат келип түшкөн. Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка айылынын 1988-жылы туулган Т.А.К. аттуу жарандын башкаруусунда Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаа аныкталган.

Унааны текшерүүгө алуу аракетин көргөн учурда айдоочу кызматкерлердин талаптарына баш ийбей, качып кетүүгө аракет кылган. Ошол эле учурда мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу максатында унаанын айдоочусу мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, Тажикстандын Согди облусунун Б.Гафуров районундагы Хистеварз айылынын аймагына айдап кирип кеткен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинде (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш иши катталып, шектүү УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: