Евро Биримдик бардык телефондор үчүн бир стандарттагы кубаттагыч өндүрүүнү буюрду
Эми бардык уюлдук телефондор үчүн бир стандарттагы кубаттагыч колдонулат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Евро Биримдик электрондук түзүлүштөрдү өндүрүүчүлөргө бардык уюлдук телефондор үчүн бир стандарттагы кубаттагычты өндүрүүнү милдеттендирет. Ага ылайык, USB Type-C кубаттагычы бардык телефондор үчүн бирдиктүү кубаттагыч болот.
2024-жылы күз айынан баштап башка стандарттагы кубаттагычтарды сатууга тыюу салынат. Эксперттердин айтымында, муну менен колдонуучулар жыл сайын кубаттагыч сатып алууда 250 миллион еврого чейин үнөмдөй алышат. Ошондой эле кубаттагычтан улам келип чыккан таштандылар 11 миң тоннага азаят.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

Рейтинг:
10

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.