"Кантип күйөөңдү өлтүрүүгө болот" аттуу эссенин автору күйөөсүн өлтүргөн деп шектелип, өмүр бою эркинен ажыратылды

Маалыматка ылайык, америкалык жазуучу, "Кантип күйөөңдү өлтүрүүгө болот" деген эссенин автору Нэнси Крамптон Брофи күйөөсүн өлтүргөн деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылды. 71 жаштагы Брофи 25 жыл абакта отургандан кийин өкүм боюнча даттана алат. Айыптоочу тарап жубайлар каржылык жактан кыйналып, жазуучу камсыздандыруу акчасы үчүн күйөөсүн өлтүргөн деген бүтүм чыгарган.
Бирок жазуучу өз күнөөсүн моюнуна алган эмес.
Белгилей кетсек, жазуучунун күйөөсүнүн жансыз денеси 2018-жылдын июнь айында АКШнын Орегон штатындагы Портленд шаарында жайгашкан кулинардык институттун ашканасында октон жаракат алган абалда табылган. 63 жаштагы жаранды өлтүргөнгө шектүүлөр табылган эмес. 3 айга созулган тергөөдөн кийин анын жубайы Нэнси Брофи киши өлтүрүүгө шектелип кармалган.
2011-жылы жазуучу интернетке "Кантип күйөөңдү өлтүрүүгө болот" деген тамашалуу эссесин жарыялап, анда мындай кылмышка баруунун мүмкүн болгон мотивдерин жана изин жашыруу жолдорун айтып берген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
-2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.