super.kg logo

79 жаштагы Жо Байден экинчи жолу шайлоого катышат

 

Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер АКШнын азыркы президенти Жо Байдендин 2024-жылы өтө турган шайлоодо экинчи мөөнөткө талапкер болуу ниетин бышыктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

резидент 2024-жылы талапкерлигин коюуну пландап жатканын бир нече жолу айтты. Президент эмнени пландаштырса, ошону аткарууга ниеттенип жатканын айткым келет", - деген Жан-Пьер.

Ошондой эле ал Нью-Йорк Таймс гезитинин мурунку макаласында 79 жаштагы азыркы президенттин жашы экинчи мөөнөткө көйгөй жаратат деген дооматтарды четке каккан. Жан-Пьер кошумчалагандай, АКШ администрациясы бул маселеге көңүл бурбайт. Ал эми президент АКШнын жашоочулары үчүн иштөөгө жана алардын жашоосун жакшыртууга көңүл бурат.

АКШдагы президенттик шайлоо 2024-жылы өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: