super.kg logo

Жашоодон тажап... Жалал-Абадда 43 жаштагы киши жайлоого барып өзүн-өзү атып алган

 

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 43 жаштагы жаран жайлоого барып өзүн-өзү атып салды. Мындай маалымат облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан белгилүү болду.

Белгилүү болгондой, 13-июнда саат 16:00 чамасында Таш-Көмүр шаардык ооруканасына 43 жаштагы М.Б`нын жансыз денесин туугандары алып келген. Бул боюнча милициянын нөөмөт бөлүмүнө кабарланган.

Аталган факты каттоого алынып, Таш-Көмүр ШИИБдин ыкчам тергөө тобу ооруканага барган. Маркумдун денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, сол тарабындагы кабыргасында жана баш мээсинин сол тарабында жаракаттары аныкталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

"Экспертиза жүргүзүү учурунда маркумдун баш мээсинен ок атуучу куралдын огуна окшош ак түстөгү металлдан жасалган зат алынган. Териштирүү учурунда 43 жаштагы киши 25-майда эс алуу үчүн жайлоого кетип, 5-6-июнь күндөрү аялы менен байланышып, баласын жайлоого чакыртып алгандыгы такталган. 10-11-июнь күндөрү жубайы менен телефон аркылуу сүйлөшүп, анын жүрөгү сыгылып, жашоодон тажап өзүн-өзү асып же атып алууну көздөп жаткандыгын билдирген. Ал эми 12-июнь күнү М.Б. өзүн-өзү ок атуучу куралы менен атып каза болгонун Кубан аттуу досу кабарлаган. Учурда бул окуя боюнча тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат", - деп билдиришти маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: